Дмитриевкадагы атышуу учурунда Күч органдарынын эки кызматкери жаракат алды

Бишкекке жакын Дмитриевка айылындагы атышуудан экүч органдарынын эки кызматкери жаракат алды. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, алардын бири амбулатордук турдө дарыланат экинчиси Улуттук госпиталга жаткырылат. Окуя болгон жерде тез жардам кызматынын 4 бригадасы күзөттө турат.

Белгилей кетсек, бүгүн, эртең менен Чүй облусунун Дмитриевка айылында шектүүнү кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө куралдуу каршылык көрсөткөн шектүү окуя болгон жерде өлтүрүлгөн..

Related posts

29-январда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

«Дүрбөлөңгө түшпөңүз!»: Эртең өлкөдө сиренелар иштейт

admin

Камчыбек Ташиев Чек ара кызматына сатып алынган аскердик-техникалык жабдыктар менен таанышты (сүрөт)

admin

Комментарий