ӨКМ: Түндөгү жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок

Алдын ала маалымат боюнча, түндөгү жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, такталган маалымат боюнча, 23-январда саат 00:09да Кытай Эл Республикасынын аймагында күчү 8 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган

Жер титирөө Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Каджы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга (Каракол шаарынан 137 чакырым түштүк- чыгышта, Каджы-Сай айылынан 150 чакырым түштүк-чыгышта, Нарын шаарынан 275 чакырым түштүк-чыгышта, Бишкек шаарынан 300 чакырым түштүк-чыгыш) чейин сезилген.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жер-жерлерде кызматкерлер тактоо иштери менен катар тиешелүү жумуштарды аткарууда.

Кошумча маалымат берилет.

Related posts

Алимент төлөбөгөн аталардын айынан Кытайда жаңы тренд пайда болду

admin

Сумбула (мурда — Андарак) айылындагы баасы 3 млн.750 миң сомдук балдар бакчасынын жер тилкеси ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды

admin

«Мектепте иштөө азапка айланды». Агынан жарылган мугалимге бийлик жооп кайтарды

admin

Комментарий