Дональд Трамп Американын алтын доору эми баштала турганын президент катары сүйлөгөн алгачкы сөзүндө билдирди.

Ал «Американы биринчи орунга коёрун» жана өлкө жакында кеңейип, күчтөнөрүн айткан.

«Американын алтын доору эми башталат», — деди Трамп.

Анын кебинин урунттуу учурлары:

АКШда болчу өзгөрүүлөр жакында башталат;

Трамп администрациясынын пландарын ишке ашыруу үчүн 24 саат ичинде каражат чогултуу кампаниясын жарыялады;

АКШнын түштүк чек арасындагы кырдаалга байланыштуу жалпы улуттук өзгөчө кырдаал режимин киргизүүгө убада берди;

АКШга мыйзамсыз киргендерди тезинен токтотуп, миллиондогон мигранттарды мекенине кайтарууну баштай турганын айтты;

анын Ак үйгө кайтып келиши менен «Американын артка кеткени токтой турганын» жар салды;

өлкөдө сөз эркиндигин кайтарууга, мамлекеттик цензураны токтотуу боюнча жарлык чыгарууга убада берди;

мындан ары АКШнын расмий саясатында эки гана жыныс болот — эркек жана аял;

АКШ бардык согуштарды токтотуп, дүйнөгө биримдик алып келерин билдирди;

Марска АКШнын желегин орнотуу үчүн астронавттарды жөнөтөт;

АКШнын аскер күчтөрүнүн көңүлүн Американын душмандарын жеңүүгө коет;

Мексика булуңунун аталышын Америка булуңу деп өзгөртүү жөнүндө жарлыкка кол коюуга ниеттенүүдө;

Панама каналын АКШнын көзөмөлүнө кайтарам деп сес көрсөттү.

Related posts

Чүй жана Ысык-Көлдө жер титиреди 

admin

Президент: 3 миң жылдан ашуун тарыхты бизге калтырып кеткен ата-бабаларыбызга таазим!

admin

Депутат Ташиев: «Судьялар кыргыз тилин билиши керек жана туугандары соттолгон болбошу керек»

admin

Комментарий