«Донордук боор трансплантациядан кийин дароо иштей баштады». Операция ийгиликтүү аяктады

Кечээ, 10-июнда кыргыз-түрк достугу ооруканасында боорду алмаштыруу операциясы ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Операция 8-9 саатка созулуп, министр Алымкадыр Бейшеналиев баштаган түркиялык жана кыргызстандык адистерден турган дарыгерлер тобу тартылган. Реципиенттин да, донордун да гемодинамикалык көрсөткүчтөрү туруктуу бойдон калууда. «Операциянын жыйынтыгы биз үчүн канааттандырарлык болду, донордук боор трансплантациядан кийин дароо иштей баштады, бул бейтаптын андан ары сакайып кетиши үчүн жакшы жышаан», — деди министр.

Операцияга катышкан адистер саламаттык сактоо министри менен биргеликте ооруканада нөөмөт иштерин улантып, бейтаптардын абалына көз салып, аларга керектүү медициналык жардам көрсөтүүдө.

Буга чейин министрликтен операциялар толугу менен президенттик фонддон каржыланып, бардык муктаж болгондор үчүн жеткиликтүү болору маалымдалган.

Related posts

УКМК: Улут аралык кастыкты козуткан макалаларды жарыялаган жаран кармалды

admin

Ошто изделип жаткан келин сейил бактан табылды

admin

Түркияда кайрадан эки жолу жер титиреди 

admin

Комментарий