ЕАЭБде жүк ташууда электрондук коштомо колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке кирди

ЕАЭБде жүк ташууда электрондук коштомо колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке кирди. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоорго 29-ноябрдагы коллегиянын жыйынында старт берилген.

Максаты — ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда электрондук документ алмашууну иш жүзүндө сыноо. Бул үчүн санарип кол тамга жана «ишенимдүү үчүнчү тарап» механизмдери колдонулат.

ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошевдин айтымында, долбоор транспорттук документтерди текшерүү жана иштетүү процесстерин ылдамдатууга, ошондой эле транспорттук-логистикалык чыгымдарды азайтууга жардам берет. Электрондук коштомолорду колдонуу убакытты жана чыгымды кыйла кыскартат. Маселен, кагаз коштомо менен иштөөгө 20 мүнөттөн ашык убакыт кетсе, электрондук түрүн түзүү жана жөнөтүү үчүн бир мүнөттөй керектелет. Ошондой эле электрондук коштомонун наркы 1,6 евро, ал эми кагаз түрүндөгүсү 6,23 евро турат.

Пилоттук долбоордун жыйынтыгы ЕАЭБде санарип транспорттук коридорлорду түзүүдө колдонулат.

Related posts

Ысык-Көлдө кыш чыгаруучу заводдун курулушу каржыланды

admin

УКМК: Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинде кеңешме өткөрүлдү

admin

Милиция кызматкерлерин сүрөт, видеого тартканга тыюу салган мыйзам ЖКда өтпөй калды

admin

Комментарий