КР Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган КР УКМКнын кыз-келиндер арасындагы мелдеши аяктады

 Бүгүн, 2024-жылдын 2-декабрында КР Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнүнө  карата өткөрүлгөн УКМКнын кыз-келиндер арасындагы мелдеши аяктады. 
   Аталган турнир эки дисциплина: баскетбол жана 1000м. эстафета боюнча болуп өттү. Мелдешке КР УКМКнын Борбордук аппаратынын, УКМКнын аймактык бөлүмдөрүнүн, УКМКнын 9-кызматынын жана КР УКМКнын "Бөрү" Чек ара кызматынын тайпалары катышты. 
    Турнирдин жыйынтыгында жеңүүчүлөр кубок, грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
   КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиев мелдештин жабылуу аземинде сөз сүйлөп, жеңүүчүлөрдү куттуктады. Төрага дене тарбия жана спорт ден соолукту чыңдоонун жана сактоонун эң маанилүү факторлорунун бири экенин белгилеп, УКМК кызматкерлерин мындан ары да дене тарбия даярдыгы менен активдүү алектенүүгө чакырды.

Related posts

КР УКМК: Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жалпы аянты 26,43 гектар жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды.

admin

Ош шаардык кеңеши мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүштү

admin

«Тапанчадан ок атуу боюнча турнир аяктады»

admin

Комментарий