Эч качан терезеден секирбеңиз! Жер титирөө учурунда эмне кылуу керек?

 Табияттын кырсыгы айттырбай келет. Алардын бири жер титирөө. Адистердин айтымына таянсак, бир жыл аралыгында Кыргызстандын аймагында 10 миңге жакын жер титирөө катталат.

Жер титирегенде эмне кылуу керек? Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алгачкы кадамдар жана коопсуздук эрежелери жөнүндө кеп-кеңеш берди.

  • Кырсык башталганда уюлдук телефон жана өздүгүн тастыктоочу документтер топтомун алып, 10 секунд ичинде сыртка чыгып кетүүгө аракет кылыңыз;
  • Эгерде жер титирөө учурунда биринчи кабатта болсоңуз, анда 10-15 секунддан соң (биринчи титирөөдөн кийин) көчөгө чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгүңүз бар;
  • Жер силкинген кезде экинчи кабатта болсоңуз, бөлмөдөгү эң коопсуз жерди табуу (бурч, столдун асты ж.б.) керек. Эч качан терезеден секирбеңиз;
  • Эгер жер титирөө учурунда сыртта болсоңуз, туруксуз курулуштардан, кыйроочу чакан имараттардан алыс болуңуз. Ачык жерге качып, көрнөк-жарнактардан, күркөлөрдөн, аялдамалардан да алыс болууга аракет кылыңыз;

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, 1-3 баллга жеткен титирөө билинер-билинбес өтөт. Ал эми 4 баллдан өйдө катталган жер титирөө олуттуу кыйроолорго алып келет.

Related posts

11-сентябрга карата аба ырайы

admin

Өзгөндө жер тилкелерин жеке менчикке берүү боюнча коррупциялык схема аныкталды

admin

Олимпиадада Кыргызстандын намысын 16 спортчу коргойт

admin

Комментарий