Экс-депутат Өмүрбек Бакиров күнөөлүү деп табылып, 200 миң сом айыпка жыгылды

Ноокат райондук сотунун 26-декабрындагы өкүмү менен мурдагы депутат Өмүрбек Бакиров Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө же 200 миң сом өлчөмүндө айыпка тартылган. Бул тууралуу маалымат агенттигине Ош облустук сотунан билдиришти.

Анын баш коргоо чарасы өкүм күчүнө киргенче өзгөртүүсүз эч жакка кетпөө кол каты бойдон калтырылган. Жактоочунцн апелляциялык даттануу арызынын негизинде Ош облустук сотунун кылмыш-жаза иштери жана укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын өндүрүшүндө, азыркы учурда соттук териштирүү стадиясында.

Related posts

Садыр Жапаров Владимир Путинду туулган күнү менен телефон аркылуу сүйлөшүп куттуктады

admin

Ошто эт, сүт азыктарын арзан саткан социалдык дүкөндөр ачылат

admin

КР Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган КР УКМКнын кыз-келиндер арасындагы мелдеши аяктады

admin

Комментарий