Лейлектеги чайканада 33 жаштагы киши эч себепсиз сабалган. Шектүү кармалды

Раззаков шаарынын 33 жаштагы тургуну борбордук базарлардагы чайканалардын биринде 20-февраль күнү ага бейтааныш болгон жаран эч бир себепсиз аны уруп, колундагы Xiaomi Redmi кол телефонун тартып алгандыгын билдирип арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Бул факты Лейлек РИИБге катталып, тоноо беренеси менен тергөө амалдары жүргүзүлө баштайт.

Лейлек РИИБдин Андарак айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 22-23-февраль күндөрү жүргүзүлүп жаткан “Арсенал” иш-чарасынын негизинде Раззаков шаарынын 32 жаштагы тургуну аныкталып кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Related posts

Өзгөндө 24 жаштагы келинди балталап салган. Кошунасы кармалды

admin

Азимбек Бекназаров элдик курултайга катышууга моралдык акысы жок

admin

УКМК: Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинде кеңешме өткөрүлдү

admin

Комментарий