Экс-министрдин жубайы Салтанат Нукенованын өлүмү. Экинчи шектүү да камакта калтырылды

Астанада аял өлтүрүлгөн Gastro Center оюн-зоок комплексинин директору эки айга камакка алынды. Бул кылмышка шектелип, Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев кармалган. 

Директор кылмышты жашырган деп шектелүүдө. Директордун кармалганы 12-ноябрда белгилүү болду. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 432-беренеси «кылмышты жашыруу» боюнча өзүнчө кылмыш иши козголду. Бул берене боюнча директор жекшемби күнү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кийин Кылмыш-жаза кодексинин 434-беренеси (кылмыш жөнүндө билдирбөө), 119-беренесинин 3-бөлүгү (коркунучта калтыруу) боюнча да иш козголгон. 

Буга чейин маркумдун курбулары анын кош бойлуулугу жана анын жеке жашоосу тууралуу социалдык тармактарда тараган башка ушактарды четке кагышкан. «Азыр соцтармактарда ар кандай фейк маалыматтар тарап жатат, ал кош бойлуу эмес болчу жана ажырашууну да көздөгөн эмес. Алар күйөөсүнүн көзүнө чөп салган дешүүдө. Мунун баары калп», — дешкен алар.

Related posts

Бишкекте «көпөлөк» рейди жүрө баштагандан тарта 1600дөн ашык кыз аныкталган (видео)

admin

ЖК аппарат жетекчисинин орун басары болуп Алайбек Алымбаев дайындалды

admin

Садыр Жапаров: «Аю» компаниясынын спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат» 

admin

Комментарий