Эквадордогу башаламандык. Жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок – ТИМ

Эквадордо кылмыштуу топтор менен укук коргоо органдарынын ортосундагы куралдуу кагылышуулардын натыйжасында полиция кызматкерлери жана жарандар арасында курман болгондор бар. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандын Америкадагы жана Канададагы элчилигинин маалыматы боюнча, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок, ошондой эле Эквадордо консулдук каттоодо КР жарандары да жок.

2024-жылдын 8-январында Эквадордун президенти Даниел Нобоа бүткүл өлкө боюнча 60 күндүк өзгөчө кырдаалды киргизүү жөнүндө жарлык чыгарды, анын ичинде 23:00дөн 5.00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Министрлик Эквадордун ичинде саякаттоону жана ушул убакта жалпы өлкөгө барбоону сунуштайт.

Ошону менен бирге ТИМ өзгөчө кырдаал жана шашылыш суроолор пайда болгон учурда КР жарандары министрликтин консулдук департаментинин: +996 999 312 002 жана элчиликтин: +1 202 256 2924 түз байланыш телефондоруна кайрылса болорун эскертет.

Related posts

Эч качан терезеден секирбеңиз! Жер титирөө учурунда эмне кылуу керек?

admin

Украина үчүнчү дүйнөлүк согуш башталганын айтты. Захарованын жообу

admin

Бишкекте кыздар соцтармак аркылуу балдар менен таанышып, аларды каракчыларга салып берип турушкан

admin

Комментарий