Элден айланса болот. Ат-Башыда 600 түк чөбү өрттөнгөн жаранга тургундар чөп чогултуп беришти

Ат-Башынын Ак-Моюн айылында балдардын шоктугунан тоют чөбү өрттөнүп кеткен Таалайбек Абдразаковдун тоютун айылдыктар толуктап беришти. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.

«Сентябрь айында Ак-Моюн айылында балдардын шоктугунан айыл тургуну Таалайбек Абдразаковдун тоют катары чогулткан 600 түк чөбү өрттөнүп, ордун айылдыктар толуктап беришти. Айыл тургунунун өрттөнүп кеткен тоют чөбүнүн ордун толуктоо максатында айыл өкмөт башчысы Бакытбек Кошалиев демилге көтөргөн. Анда өрттөнүп кеткен тоюттун ордун толуктоо максатында айылдын тургундарынан ыктыярдуу тоют берүүчүлөр болсо, ошолордун эсебинен толуктоону сунуш кылган. Демилгени колго алган айыл тургундары өз каалоосу менен, шартына жараша үймө-үй кыдыруу менен тоют чогултуп беришкен. Натыйжада өрттөнүп кеткен тоют чөп ордуна келтилген», — дешти.

Related posts

Караколдогу төрөт үйүндө 23 жаштагы келин каза болду

admin

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө коррупцияга каршы коомдук-профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү

admin

Төрага Нурланбек Шакиев Түркиянын тышкы иштер министрин кабыл алды

admin

Комментарий