“Элдик” депутаттык тобу сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушту

Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев баштаган депутаттар Аманкан Кенжебаев жана Жалолидин Нурбаев Кыргызстандагы сүт өндүрүүчү ишканалардын жетекчилери менен жолугушту. Ага Агроөнөржай ассоциациясынын, “Кыргызстан сүт бирикмесинин” директорлору, сүттү кайра иштетүүчү бир катар ишканалардын өкүлдөрү катышып, “Сүттүн сатып алуу баасын жөнгө салуу жөнүндөгү” токтом талкууланды.

Акылбек Түмөнбаев мал багып жашоо кечирген жарандарды, айрыкча айыл жериндеги карапайым калкты, дыйкан-фермерлерди колдоо максатында аталган токтом кабыл алынганын белгилеп, сүттү кайра иштетүүчүлөрдү да муну туура түшүнүүгө чакырды. “Бул токтом аткарылып, ишке ашырылмайынча мен өкмөттөн күнүгө сурайм. Бааны койдукпу, ушул баа боюнча иш алып баруу зарыл. Керек болсо пилоттук программа кылып, мамлекеттик май-сыр завод ачылса, дыйкандардын көйгөйү чечилмек”, — деди ал.

Талкуу маалында ар кандай сунуш-пикирлер айтылды. Айрым сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын жетекчилери эгерде, сүттүн баасы 40 сомдон болсо, анда болгону 2-3 гана ишкана калып, калганы банкротко дуушар болорун белгилешти. Алардын айтымында, чийки азыкты кайра иштеткендеги чыгымдар акталбайт. Ал эми айрымдары мындай шартта сүт өндүрүүчүлөрдү салыктан биротоло бошотуу керек деген пикирлерин ортого салышты.

Сүттү кайра иштеткен фирма, заводдор 2022-жылы 27 миң тонна, 2023-жылы 52 миң тонна сүт азыктарын сыртка экспорттогонун белгилеген эл өкүлү Аманкан Кенжебаев суроо-талап бар болгон үчүн ишкерлердин пайда көрүп жатканын жүйө келтирди. “Салык көбөйсө, сүттүн баасы да жогорулайт деп Министрлер кабинети менен талашып-тартышып отуруп, сүт өндүрүүчүлөр үчүн салыкты эң төмөнкү баага — 0,25%га түшүрүп бердик. Экспортту дагы кеңейткиле. Министрлер кабинети менен кеңешип, субсидия, керек болсо пайызсыз кредит бергенге жардам берели. Бирок Жогорку Кеңештин токтому аткарылууга, бирдиктүү баа болууга тийиш”, — деди ал.

Соңунда “Сүттүн сатып алуу баасын жөнгө салуу жөнүндөгү” токтом боюнча ишкерлер менен бир пикирге келип, жыйынтыкташты.

Related posts

ЖК оң рулдуу машинени такси катары айдоого тыюу салуу долбоорун 1-окууда колдоду

admin

«Туулган күнүндө жерге берилген». Бүгүн Кыргыз эл акыны Жалил Садыковдун туулган күнү

admin

КР УКМК: Чолпон-Ата шаарындагы «Жетиген» базарынын — «Курорторг Жетиген» ААКсынын акционери жана ошол эле учурда директору болуп саналган Б.Л.Д. кармалды

admin

Комментарий