“Элеттен экспортко чейин: Кыргыз продукциясынын чоң жолу”

Бүгүн, Ысык-Көлдө Түрк мамлекеттер уюмунун Айыл чарба министрлеринин 4-отурумунун экинчи күнүндө бизнес-агрофоруму өтүүдө.
Бизнес-агрофорумда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы агроөнөржай тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого, тажрыйба жана технология алмашууга, экспорттук потенциалды жогорулатууга багытталган талкуулар жүрдү.


Форумдун алкагында уюштурулган демонстрациялык көргөзмөдө Кыргызстандын агрардык жана кайра иштетүү тармагындагы бир катар ишканалар өз продукцияларын тартуулашты. Алардын ичинде жүн жана терини кайра иштетүүдө тажрыйбалуу «Алия» ишканасы да өз продукцияларын көрсөтүп, катышуучулардын өзгөчө көңүлүн бурду.

«Алия» ишканасы табигый жүн жана териден жасалган, сапаттуу жана экологиялык жактан таза продукциялары менен белгилүү. Көргөзмөдө компаниянын кийим-кече, бут кийим жана кол өнөрчүлүк негизиндеги буюмдары сунушталып, түрк мамлекеттеринин өкүлдөрү тарабынан жогорку баага ээ болду.

Иш-чара Россия, Казакстан, Түркия, жана башка мамлекеттерге өз продукцияларын экспорттоп келген, өндүрүшүн кеңейтүүнү максат кылган «Алия» сыяктуу жергиликтүү ишканалардын өндүрүш мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде таанытууга жана экспорттук байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.

Бул аталган ишкана табигый жүндөн жана териден жасалган продукцияларды чыгаруу аркылуу Ата Мекендик сырьёну пайдаланууну илгерилетип, аймактардын өнүгүшүнө зор салым кошууда.

Белгилей кетсек, «Алия» ишканасы айыл чарбасынан түшкөн чийки затты (жүн, терини) кайра иштетүү аркылуу жергиликтүү фермерлер менен тыгыз кызматташып, кошумча киреше табуу мүмкүнчүлүгүн камсыздап келет. Бул – элеттин өнүгүүсүнө түздөн-түз салым. Анткени, айыл калкына кошумча киреше алып келүүчү жана өндүрүш чынжырынын бардык баскычтарынын эффективдүүлүгүн жогорулатуучу маанилүү фактор болуп саналат

Related posts

УКМК: Жогорку кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиевдин фактысы жок айтканы чагымчыл мүнөзгө ээ

admin

1-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Чүй жана Ысык-Көлдө жер титиреди 

admin

Комментарий