Энергетика министрлиги элиталык үйлөргө жаңы тариф карап жатат

Биздин тариф саясатыбыз артта калып жатат. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары «Биринчи радиодо» билдирди.

«Ушуну кайра карап, жакын арада өзгөртүүлөрдү киргизебиз. Электр энергиянын өзүнүн баасы жогору, бирок Бишкектин ичине социалдык тариф менен беребиз. Азыр кайра карап жатабыз. Чоң элиталык үйлөр өз энергияны баасында алгандай кылабыз. Ошондой эле аярлуу катмардагыларды да социалдык коргоо кылып карап жатабыз. Муну азыр киргизебиз деп айткан жерим жок. Карап жатабыз. Тариф саясатын өзгөртүү керек»,- деди ал.

Related posts

Кыргызстан менен Таиланддын беттеши. «Оор беттеш болду, үмүтүбүз акталган жок» дейт Таркович

admin

Филармонияда миң бала манас айтты

admin

Замирбек Базарбеков Жогорку Соттун төрагасы кызматынан бошотулду

admin

Комментарий