«Европадай болбойлу». Трамп Путинди эмес, өлкөнүн ички көйгөйүн ойлонууга чакырды

АКШ президенти Дональд Трамп элин РФ лидери Владимир Путин тууралуу эмес, өлкөнүн ички маселелерине баш оорутууга чакырды. Бул тууралуу ал соцтармагына жазганын РИА Новости кабарлады.

«Путин тууралуу азыраак ойлонуп, өлкөбүзгө кирип жаткан кылмышкер мигранттар, баңгизат сатуучуларын, киши өлтүргүчтөрдү жана психиатриялык ооруканалардан чыгып алып келип жаткан адамдар тууралуу көбүрөөк баш оорутканыбыз оң», — деп жазган Трамп.

Белгилей кетсек, инаугурация күнү Трамп алгачкы кайрылуусунда Американын аймагына кирген мигранттардын мыйзамсыз агымын токтотуп, миллиондогон мигранттарды экстрадициялоо процессин баштоого убада берген. Мындан тышкары, өлкөнүн түштүк чек арасындагы абалдан улам жалпы улуттук өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган болчу.

Related posts

Центральный рынок Оша перенесут в другое место

mediaportalk

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда калып калган унаалар менен алмашышты

mediaportalk

ӨКМ ашууларда жана тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлөрүн билдирди

mediaportalk

Комментарий