Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеванын жактоочусунун аппеляциялык арызы каралды. Маалыматты аталган соттон билдиришти.
Маалыматка караганда, Биринчи Май райондук соттун чечими күчүндө калтырылган. Жактоочунун арызы канаттандырылган эмес.
Гүлнара Журабаева 23-октябрда кармалган. Ал бийликти мыйзамсыз басып алууга шектелүүдө.