«Газада ар бир 10 мүнөт сайын бир бала өлүп жатат» дейт ДССУнун башчысы

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Газа тилкесиндеги саламаттыкты сактоо системасынын оор абалы тууралуу айтты. Бул тууралуу Euronews жазды.

Тедрос Адханом Гебрейесус БУУнун Коопсуздук Кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө, Газада ар бир 10 мүнөттө бир бала каза болуп жатканын жана сектордун саламаттыкты сактоо системасы начар экенин айтты. 

Уюмдун маалыматы боюнча, аймактагы 36 оорукананын жарымы жана баштапкы медициналык жардам көрсөтүү борборлорунун үчтөн экиси иштебей, калгандары өз мүмкүнчүлүгүнөн ашыкча иштеп жатат. 

«Мен Кеңеште күйүүчү майдын, тамак-аштын жана суунун жетишсиздиги жөнүндө билдирүүгө даяр болчумун. Бирок чынын айтсам, азыр бизди эң ​​тынчсыздандырган нерсе — жаракат алгандардын жана оорулуулардын өмүрүнө келтирилген коркунуч», — деди Палестинанын Кызыл Жарым Ай коомунун жетекчиси.

Related posts

Кыргызстанда кант кызылчасын жыйноо 98,3% аяктады

admin

Садыр Жапаров АКШ Сенатынын комитет башчысы жана Конгресс сенаторлору менен кездешти

admin

Бишкектеги таштандыдан табылган ымыркайдын атын Садыр коюшту

admin

Комментарий