Хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугу. Кыргызстан Люксембургду жеңди

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Дүйнө чемпиондугундагы алгачкы жеңишине ээ болду.

Ушул күндөрү Бишкек шаарында үчүнчү дивизиондун (А тайпасы) командалары арасында турнир өтүүдө. Экинчи айлампада кыргызстандыктар Люксембург менен беттешип, 7:3 эсебинде ири жеңишке жетишти. Кыргыз курама командасынын дарбазасына үч голду Мамед Сейфулов киргизди. 3-турдун беттештери 13-мартта болот. Кыргызстан Түркмөнстан менен беттешет.

Related posts

15-ноябрда Кыргызстанда аба ырайы: Суук түн, жылуу күн

admin

Газпром Кыргызстан”: Бишкек жана Чүйдө калкка газ берүү токтотулбайт

admin

Бундестаг Шольцко ишенбөөчүлүк көрсөттү

admin

Комментарий