И.Ахунбаев атындагы КММАда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча профилактикалык жолугушуу өттү

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 22-январында И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында коррупцияга каршы түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Иш-чара КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары–  УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиевдин тапшырмасынын алкагында болуп өттү.

Аталган жолугушууга жалпы 500гө жакын адам, окуу жайдын жетекчилиги, окуу бөлүмдөрүнүн (институттар, факультеттер, кафедралар ж.б.) жетекчилери, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

УКМКнын кызматкерлери үстүбүздөгү жылдын 21-январында күчүнө кирген коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөрдү, тагыраагы коррупциялык кылмыштарды жасагандар үчүн күчөтүлгөн жоопкерчиликти түшүндүрүштү.

Ошондой эле, УКМК кызматкерлери тарабынан 2020-жылдан тартып 2024-жылга чейинки мезгилде республиканын саламаттык сактоо системасында аныкталган жана бөгөт коюлган коррупциялык схемалардын, фактылардын жыйынтыктары мисал келтирилди.

Related posts

Элчи Текебаев: «Кыргыз тигүүчүлөрүнүн товарларына Германияга жол ачылат»

admin

КР УКМК: Жарандардан системалуу түрдө опузалап акча талап кылган КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин кызматкерлери кармалды

admin

Чүйдө дайынсыз болуп жаткан 23 жаштагы кыз табылды

admin

Комментарий