ИИМ: Өлкөдө Жаңы жыл түнү окуясыз тынч өттү

31-декабрга карата республика аймагында кылмыштар жана окуялар боюнча жалпы 434 маалымат жана кайрылуулар келип түшкөн, анын ичинен 3 кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. 19 жол унаа кырсыгы катталып, 22 адам ар кандай жаракаттарды алган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.

Жаңы жыл түнү окуясыз тынч өттү. Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантууда. Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан коомдук тартип толук камсыздалууда, олуттуу укук бузуулар болгон эмес.

Related posts

22-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

Кар жаашы күтүлөт. 3- январга карата аба ырайы 

admin

Ысык-Көл облусунда мурдагы «Электр-техникалык заводдун» имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды

admin

Комментарий