ИИМ: Айтматов районунунда үрөй учурган үч адам өлтүрүү катталды

24-май күнү саат 00:37 чамасында милицияга Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылындагы адам өлтүрүлдү деген маалымат түшкөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Тезинен окуя болгон жерге аталган ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу чыгып, кароо учурда 1997-жылы туулган М.Ж. жана анын төрт жаштагы кызынын, эки жарым жаштагы баласынын күч колдонуп өлтүрүлгөн жансыз денелери табылган. Бул окуя Айтматов РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголуп. Үйүнөн сайсыз ок атуучу курал жана балта далил катары алынган.

Тергөө-ыкчам аракетинин жүргүзүү учурунда жогорудагы окуяга шектүү катары, буга чейин соттолгон, Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылынын тургуну 1976-жылы туулган К.Н. издеп табуу багытында ички иштер органдарына багыттамалар жиберилип, Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетпөө максатында чектөө коюлду. Кылмыш иши боюнча соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-баллистикалык жана соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалды. Учурда Талас ОИИБдин жана Айтматов РИИБнүн кызматкерлери жеринде шектүүнү издеп табуу багытында ыкчам-тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Related posts

«Суу саткан болсо, ал абийирин сатып калсын». Садыр Жапаров «сууну сатып жатышат» дегендерге жооп берди

admin

Мамлекет жакыр миң үй-бүлөгө бала бакча үчүн ваучердик система менен акча бөлөт

admin

Жамалбек Ырсалиев: Күнүнө 3-4 миң сом таап атам деп мактанган айдоочулар бар экен

admin

Комментарий