Индонезияда питон аялды бүкүлү бойдон жутту

Индонезиянын Калемпанг кыштагында беш метрлик питон 45 жаштагы аялды бүкүлү бойдон жутту. France-Presse агенттиги жазгандай, көп балалуу аял 6-июнь күнү дайынсыз жоголгон. Ал токой аркылуу өткөн базарга азык-түлүк сатуу үчүн чыгып кеткен. Аялдын жолдошу тынчсызданып, кечинде башка тургундарга кабар берип, издөө башталган.

Кийинки күнү алар токойдон ичи чоң беш метрлик питонду табышкан. Аялдын жолдошу башка тургундар менен чогуу мачете менен питондун ичин жарып, андан аялын тапкан. Жылан аялды кийими менен бүкүлү бойдон жутканын көрүшкөн.

«Аялымды жалгыз жөнөткөнүмө өмүр бою өкүнөм. Мен ошол күнү чогуу болгонумда жылан ага тиймек эмес», — деген жолдошу.

Related posts

17-июлга карата аба ырайы

admin

«Акыркы сабактагы» Кутман менен Океана наристе күтүп жатканын ачыкташты

admin

Айрым жерлерде жаан жаайт. 4-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий