Ысык-Көл районунда К.Эшенкулов атындагы Тору-Айгыр жалпы орто билим берүү мектебинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана академик Иса Ахунбаевдин 115 жылдыгына карата маданий иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чарага президенттин кеңешчиси Арслан Капай уулу, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ильяз Жеңишов, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жапарбек Ормонов, ошондой эле жергиликтүү жетекчилер жана тургундар катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө мектептин 100 жылдыгына жана академик Иса Ахунбаевдин 115 жылдыгына арналган конференция болуп өттү.Андан соң И.Ахунбаевдин айкелине гүлчамбар коюлуп, Куран багышталып окулду. Аны менен катар чакан концерттик программа менен коштолду.
Иса Ахунбаевдин кызы Нелли Ахунбаева баштаган небере-чөбөрөлөрү иш-чарага катышып, мектепке Иса Ахунбаевдин портретин жана териде кыргыз элинин инсандары менен катар дүйнө жүзүнө белгилүү болгон атактуулардын чогуу тартылган сүрөттү белек кылышты.
Президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев мамлекет башчы Садыр Жапаровдун атынан мектепке интерактивдүү досканы тапшырды.
Нелли Ахунбаеванын айтымында, анын атасы «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы менен сыйланган.
«Мен үчүн бул үч эселенген майрам болду. Атам «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын, кайнатам — белгилүү саясий ишмер Абды Сүйөркулов да «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын алды. Кыргыз Республикасынын «Курманжан Датка» ордени менен сыйландым. Аял үчүн бул чоң сыйлык болсо керек. Абдан толкунданып турам», — деди ал.
Иса Коной уулу Ахунбаев 1908-жылы Ысык-Көлдөгү Тору-Айгыр айылында туулган. Атасы менен чогуу 1916-жылы Улуу Үркүндө Батыш Кытайга качып, 1917-жылы кайтып келген.
Ташкенттеги Орто Азия медициналык институтун бүтүргөндөн кийин (1935), Кыргыз ССР саламаттык сактоо эл комиссарынын орун басары (1935-37) болгон. 1937-39-жылдары жазыксыз жерден сталиндик абакта камалып жаткан. Фрунзе шаардык оорукананын хирургия бөлүмүнүн ассистенти (1941) болгон.
1947-жылдан өмүрүнүн аягына чейин КММИнин жалпы хирургия кафедрасынын башчысы, ошол эле мезгилде 1948-52-жылы КММИнин директору, 1952-54-жылы СССР ИАнын Кыргыз филиалынын Президиумунун төрагасынын орун басары жана төрагасы болгон, 1975-жылы 5-январда автокырсыктан улам дүйнөдөн кайткан. Сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.
Кыргызстанда медицина илимин өнүктүрүүдө жана жергиликтүү медициналык кадрларды тарбиялап чыгарууда чоң роль ойногон. Илимий изилдөөлөрү негизинен балдардын сокур ичеги оорусуна, эндемиялык богок, эхинококкоз, шок жана жүрөк ооруларына арналган. Анын демилгеси менен Республикалык клиникалык ооруканада көкүрөк хирургия бөлүмү уюштурулган (1959) жана Кыргызстанда биринчи болуп жүрөккө операция жасаган. 230дан ашык илимий эмгектин (анын ичинен 109 монография) автору. Бир нече ирет эл аралык илимий жана коомдук форумдарга, 4 жолу хирургиялык конгресске катышкан.