Исхак Раззаковдун кызы Эльмира Раззакова Баткенге барды

6-июлда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери, Кыргыз Республикасынын Баатыры Исхак Раззаковдун кызы Элмира Раззакова жана небереси Берк Раззаков Баткен облусуна барышты.

Аларды Раззаков шаарындагы Исхак Раззаков атындагы эл аралык аэропорттон Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты.

Сапардын алкагында Элмира Раззакованын Лейлек районунун, Сүлүктү шаарынын жана Кулунду айылынын тургундары, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер жана коомдук ишмерлер менен жолугушуусу күтүлүүдө. Сапар Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороевдин колдоосу менен уюштурулган.

Ошондой эле Элмира Раззакова уулу Берк Раззаков, Мамыржан Рахимов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аксакалдар жана тургундар менен бирге Лейлек районунун Коросон айылындагы Исхак Раззаковдун күмбөзүнө барып, Куран окуп, дуба кылышты.

Зыярат учурунда жергиликтүү тургундар Элмира Раззакованы жылуу тосуп алып, Исхак Раззаковдун үй-бүлөсүнө урмат-сыйын көрсөтүштү.

Алар көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин өлкөнүн өнүгүшүнө жана элге кызмат кылууга кошкон зор салымын терең ыраазычылык менен эскеришти.

Related posts

18-20-февраль күндөрү кар көчкү жүрүшү мүмкүн

admin

Бишкекте жарандын буту көчөдөгү темирге кирип, кыпчылып калган

admin

КР УКМК: КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат башкармалыгынын башчысынын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлду

admin

Комментарий