Италияда кеме чөгүп, 59 мигрант каза болду. Аман калгандар эмне дешти? 

Италиянын түштүк жээгинде Кротоне шаарынан 20 чакырым алыстыкта ​​кеме чөгүп, 59 мигрант набыт болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Кырсык 25-февралда Калабриянын чыгышындагы Стеккато-ди-Кутро жээгинде болгон. Италиянын жээк күзөт кызматынын маалыматы боюнча, кайык жээкке бир нече метр алыстыкта ​​таштарга урунуп, андагы адамдардын айрымдары өз алдынча куткарылып чыгууга үлгүргөн. Каза болгондордун арасында 12 бала бар. Баары 59 киши каза болгон. 26-февралда 81 адам куткарылып, алардын 22си ооруканага жеткирилген. Аман калгандардын айтымында, үч-төрт күн мурда Түркиянын Измиринен чыккан кемеде Ооганстан, Пакистан, Иран жана Сомалиден 140-150 киши болгон. La Repubblica гезити окуяга күбө болгондорго таянып, Калабрияда кырсыкка учураган кайыкта 250дөй адам болгонун жазды.

Related posts

Кытайда «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» т/ж куруу боюнча меморандумга кол коюлду

admin

1-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Акжол менен Жоламан «Жылдын мыкты балбаны» наамы үчүн ат салышууда

admin

Комментарий