Израил ХАМАС менен сүйлөшүүлөрдүн «кийинки кадамдарын» талкуулады

Тамак-аш тартыштыгы дагы жүздөгөн адамды жекшемби күнү Газанын түндүгүнөн качууга түрттү. AP агенттиги эл бомбаланган имараттардын ортосундагы жолдор аркылуу түштүк тарапка бет алганын жазды.

Ал тапта Израилдин өкмөтү барымтадагыларды бошотуу келишими жана ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) менен ок атышпоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн кийинки кадамдарын талкуулады.

Расмий жана жергиликтүү маалымат каражаттарынын кабарлашынча, барымтадагылар боюнча жаңы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Парижге барган Израилдин делегациясы 24-февралга караган түнү кайтып келди. Журналисттер Израилдин министрлер кабинети сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн жакынкы күндөрдө Катарга делегация жиберүүгө макул болгонун кабарлашты.

ХАМАС радикал тобунун барымтасындагыларды Израил түрмөлөрүндө кармалып жаткан палестиналык туткундарга алмаштыруу жана гуманитардык жардамды жеткирүүнү күчөтүү максатында бир нече жумадан бери сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Израил эгер ХАМАС барымтадагыларды Орозо башталганча бошотпосо, эл аралык коомчулуктун эскертүүсүнө карабай Рафах шаарына операциясын баштай турганын билдирген.

Тынчтык сүйлөшүүлөрү барымтадагыларды кайтарып берүү талабы менен Израилдин өкмөтүнө болгон ички басымдын фонунда өтүп жатат. Миңдеген адам Тель-Авивде ар ишембиде нааразылык акциясына чогулуп жатат.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Израилдин аймагына кол салып, 1200дөй адамды өлтүргөн, дагы 200дөн ашуун кишини барымтага алып кеткен. Алардын бир бөлүгү алигиче бошотула элек. Жөөт армиясы бул үчүн Газага кирип, аскердик операциясын баштаган. Андан бери Газа тилкесинде 29 миңден ашуун адам каза тапты.

Related posts

Темирлан Султанбеков добуш сатып алуу боюнча шектелип камакка алынды

admin

УКМК: Баткендеги арак-коньяк заводу мамлекетке кайтарылды

admin

Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын бөлүм жекекчиси системалуу түрдө пара алып жаткан жеринен кармалды

admin

Комментарий