Көк бөрү боюнча райондор аралык чемпионат башталды

17-февраль күнү «Ак-Кула» ат майданында көк бөрү оюну боюнча райондор аралык Кыргыз Республикасынын чемпионаты башталды. Мелдешке ар бир облустан бир район катышууда.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат. 17-февраль күнү башталган чемпионат, 22-февралда жыйынтыкталат.

Командалар төрт тайпага бөлүндү:

«А» тайпасы: Четинди (Бишкек), Талас району (Талас облусу), Ак-Суу району (Ысык-Көл облусу);

«B» тайпасы: Ош шаары, Ак-Талаа району (Нарын облусу), Сокулук району (Чүй облусу);

«C» тайпасы: Сузак району (Жалал-Абад облусу), Лейлек району (Баткен облусу), Кара-Кулжа району (Ош облусу).

Көк бөрү оюну боюнча райондор аралык чемпионат Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Көк бөрү федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Related posts

Депутат мэрияга эскертти: автобустар жол кирени көтөрбөш үчүн сатылып алынган

admin

Кара-Кулжада сел жүрүп, 15 үйгө суу кирип, 1 үйдүн чатырын учуруп кетти

admin

Садыр Жапаров Элдик Курултайды өткөрүүгө даярдык көрүү тапшырмасын берди

admin

Комментарий