УКМКнын төрагасынын жакын туугандарынын аты жөнүн пайдаланып өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык кылган дагы бир кылмыш ишине бөгөт коюулду

КР УКМК төрагасынын жакын туугандарынын атын жамынышып өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча Ш.у.З. жана С.И.Ф. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандары КР УКМК тарабынан кармалышты.
Такталгандай, аталган адамдар коркутуу жолу менен, ошондой эле КР УКМК төрагасынын уулу менен жакын мамиледе экендигин айтышып К.Э.И. аттуу жарандын жеке кыймылсыз мүлкүн ээлеп алышкан.
2025-жылдын 3-июлунда козголгон кылмыш ишинин алкагында Ш.у.З. жана С.И.Ф. кармалып, КР ЖАКнын №1 ТКЖна киргизилди.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, башка тиешеси бар адамдар такталууда.

Related posts

Балыкчыда этти кайра иштетүү боюнча «Дордой Балыкчы» заводу ачылды

admin

Шайирбек Сулайманов Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы директору болуп дайындалды

admin

Нарында жаштар бир нече имамга унаа белек кылышты (сүрөт)

admin

Комментарий