Кадамжайда мектеп окуучусун унаа сүзүп кеткен

адамжайда мектеп окуучусун айдоочу сүзүп кеткен. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

22-октябрь күнү Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Орозбеков көчөсүндө ошол эле айылдын 23 жаштагы тургуну өзүнүн Honda Fit үлгүсүндөгү унаасы менен жолдон сол жагынан чуркап чыккан 2015-жылы туулган баланы сүзүп кеткен.

Окуучу Кадамжай жалпы дарылоо практикалык борборуна ошол замат жеткирилген. Жогорудагы жол кырсыгы Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, кырсыктын жагдайлары боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө

Related posts

Баткен ОИИБдин башчысы милиция кызматкерлерге жолугуп, тапшырма берди

admin

УКМК тоо-кен компаниясынын мурдагы директорун кармады

admin

Мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча Баткен облусунун мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өткөрүлдү

admin

Комментарий