Кадамжайда мектеп окуучусун унаа сүзүп кеткен

адамжайда мектеп окуучусун айдоочу сүзүп кеткен. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

22-октябрь күнү Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Орозбеков көчөсүндө ошол эле айылдын 23 жаштагы тургуну өзүнүн Honda Fit үлгүсүндөгү унаасы менен жолдон сол жагынан чуркап чыккан 2015-жылы туулган баланы сүзүп кеткен.

Окуучу Кадамжай жалпы дарылоо практикалык борборуна ошол замат жеткирилген. Жогорудагы жол кырсыгы Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, кырсыктын жагдайлары боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө

Related posts

Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылында сметалык баасы 500 миллион сомдон ашык жаңы райондук оорукананы куруу долбоору бекитилди

admin

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топту каржылаган жана опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

admin

УКМК: “Женго» каймана аттуу К.Досоновдун буюртмасы боюнча жасалган он жыл мурдагы киши өлтүрүүнүн бети ачылды

admin

Комментарий