Кадамжайда Молдо Нияздын мектеп-үңкүрү реконструкцияланып жатат

Баткен облусунун Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылындагы Молдо Нияздын мектеп-үңкүрүндө реконструкциялоо иштери жүрүп, айланасы көрктөндүрүлүүдө.

19-кылымда алгачкы агартуучу, кыргыз жазма адабиятынын көч баштоочусу Молдо Нияз дал ушул үңкүрдө балдарга билим берген.

Мектеп-үңкүрү Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата толук оңдоодон өтүп, пайдаланууга берилет. Мындай маалыматты журналист, “Молдо Нияз мурастары” коомдук фондунун өкүлү Азамат Абсаттаров Facebook социалдык тармактагы баракчасына бөлүшкөн.

Related posts

Ошто эт, сүт азыктарын арзан саткан социалдык дүкөндөр ачылат

admin

1-июлдан тарта пенсия жогорулайт. Эң аз алганы 6800 сом болот

admin

Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов шашылыш Кыргызстандан чыгып кетишкен

admin

Комментарий