Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов шашылыш Кыргызстандан чыгып кетишкен

КР Жогорку кеңешинин депутаттары Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов шашылыш түрдө 3 айга чет өлкөгө кетишти. Бул тууралуу vb.kg сайтына парламенттеги өздүк булактар билдирди деп жазды аталган маалымат булагы.
Ушундай эле маалыматты социалдык тармактарда интернет колдонуучулар да таратып, алар бул эки эл өкүлү Кыргызстандан шашылыш түрдө дарылануу максатында шылтоолоп чыгышты, а чындыгында алар депутаттык мандатын сактап калуу үчүн чыгып кетишкенин жазышууда.
Эске салсак, буга чейин Регион телеканалы айрым коомдук ишмерлер Райымбек Матраимов менен байланышы бар болгондуктан, депутаттар Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов, Искендер Матраимов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керектигин айтып, кийинчерээк экөөнүн мандатынан ажыраган видео тараган. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча алардын мандаттары, биринчи экөө боюнча маселе ачык бойдон калууда.

Related posts

Кыргызстанда адвокаттын статусун жогорулатууга багытталган мыйзам кабыл алынды

admin

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Кыргызстанга келди

admin

Ошто көмүрдүн  тоннасы 7,5 миң сомго чейин сатылууда

admin

Комментарий