Камчы Көлбаевдин өкүл атасы Азим Ройго издөө жарыяланды

Азим Ройго издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган айрым жеке ишкерлерге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактылары боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, улуттук коопсуздук органдары тарабынан Азим Ройго (мурда Орозахун Сайдазимов, Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдовар айылында туулган, учурда Орусиянын жараны, Камчы Көлбаевдин өкүл атасы) Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгү (уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) жана 224-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту, 3-бөлүгү (бүтүмдү жасоого же аны жасоодон баш тартууга мажбурлоо, шантаж аркылуу же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган жана байкабастыктан оор зыян келтирүү) боюнча каралган кылмышты жасагандыгы үчүн сыртынан айып тагылды. Азим Рой Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенгендиги такталган.

Улуттук коопсуздук органдары тарабынан Азим Рой издөөгө алынды. Тергөөнүн жүрүшүндө Азим Рой криминалдык авторитет Камчы Көлбаевдин таасиринен пайдаланып, коркутуу жолу менен Бишкектеги “Арстан Таувер” бизнес борборунун 10 миллион долларды түзгөн 6000 чарчы метр үлүшүн мыйзамсыз ээлеп алган. Муну менен катар Азим Рой менен Камчы Көлбаевдин жалпы каржы иштерин биргелешип башкаруунун башка фактылары да аныкталган. Тактап айтканда, Азим Рой Бишкектин престиждүү жерлеринин биринде жайгашкан, аянты 500 чарчы метр, болжол менен 1 миллион доллар түзгөн кымбат батирди сатып алып, Азим Ройдун жубайынын атына каттаган. Ошол эле учурда бул батирде Камчы Көлбаев жашап келген. Ошондой эле Азим Ройдун дагы Бишкектин четиндеги элиталык шаарчалардын биринде Камчы Көлбаевдин үйүнүн жанында жайгашкан жалпы аянты 1000 чарчы метр, 2 миллион доллар түзгөн дача үйгө ээлик кылган. Андан тышкары, Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Каганат” эс алуу борборунда 500 миң долларлык коттедж да ага таандык болгон.

Related posts

ӨКМ: Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору

admin

Садыр Жапаров балбан кыздарды жеңиштери менен куттуктады 

admin

«Кой же чочконун эти деп сатышмак». Кытайда миңдеген мышык куткарылды

admin

Комментарий