Камчы Көлбаевдин кудасы Рустам Турдиев бошотулду

Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кудасы Рустам Турдиев эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Маалыматты Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.

Маалыматка караганда, анын бөгөт чарасы сотто 23-январда эле каралган.

УКМК Камчы Көлбаевдин кудасы Рустам Турдиевди кармаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (уюшкан топ түзүү же ага катышуу) боюнча шектелүүдө.

Рустам Турдиев 23 жаштагы Руслан Рустамовдун атасы. Ал Камчы Көлбаевдин кызы Эркеайымдын жолдошу. Алар 2021-жылы жазында баш кошушкан.

Related posts

Депутат Ташиев 5 миллион сом жумшап, Сузакта машыгуучу зал ачылды

admin

Дастанчы Азиз Батыровдун шакирттери эл аралык сынакта Кыргызстандын намысын коргойт

admin

УКМК төрагасы Ташиев жалгыз бой энеге батир белек кылды

admin

Комментарий