Камчы Көлбаевдин кудасы Рустам Турдиев бошотулду

Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кудасы Рустам Турдиев эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Маалыматты Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.

Маалыматка караганда, анын бөгөт чарасы сотто 23-январда эле каралган.

УКМК Камчы Көлбаевдин кудасы Рустам Турдиевди кармаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (уюшкан топ түзүү же ага катышуу) боюнча шектелүүдө.

Рустам Турдиев 23 жаштагы Руслан Рустамовдун атасы. Ал Камчы Көлбаевдин кызы Эркеайымдын жолдошу. Алар 2021-жылы жазында баш кошушкан.

Related posts

Жанар Акаев: «Бишкек мурда орусташкан болчу, азыр кыргызча сүйлөө модага айланды»

admin

Садыр Жапаров «Дордойдогу» митинг боюнча: «Мунун артында ким турганын билем»

admin

УКМК «Дед Хасан» кылмыштуу топтон баш тартканын айткан. Анын депутат уулу үн катты

admin

Комментарий