Камчыбек Ташиев: “Биздин өлкөнү күчтүү атаандаш катары карап калышты”

Өлкөнүн Коргоо министрлигине акыркы 2 жылда 2 миллиард долларга чейин акча коротулду. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Коргоо министрлиги боюнча, биз акыркы 2 жылда мамлекет тарабынан 2 миллиард долларга чейин акча короттук. Мындай эч качан болгон эмес. Биздин өлкөгө алынган курал-жарактардын, аскердик техникалардын көлөмү менен салыштырганда, Орто Азиядагы күч балансы өзгөрдү. Бизди алсыз өлкө катары карабай калышты. Бизди азыр күчтүү атаандаш өлкө катары карап калышты. Биздин өлкө бутуна туруп, башкалар Коргоо министрлиги күчтүү болуп жатат деп жатышат”,- деди төрага.

Related posts

Кайрат Иманалиев: УТРК Футбол боюнча Дүйнө Чемпионатын үзбөй көрсөтөт

admin

«2 жылдан кийин бүтөт». Садыр Жапаров Ороктогу жаңы стадиондун курулушу тууралуу айтты

admin

Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди 

admin

Комментарий