Камчыбек Ташиев футбол боюнча жаштар курамасын Азия кубогуна чыгышы менен куттуктады

Бүгүн Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасынын эртең мененки тамактануусуна катышып, команданы, машыктыруучулук жана административдик штабдын мүчөлөрүн 2025-жылкы Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө чыгышы менен куттуктады

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, ошондой эле курама команданы куттуктоого биринчи вице-президент Нурдин Букуев, башкы катчысы Медербек Сыдыков жана улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын дагы келди.

Өз кезегинде команданын башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов жана жаштар курама командасынын вице-капитаны Атай Эшенкулов КФБнын жетекчилигине командага көрсөткөн колдоосу жана ишеними үчүн ыраазычылык билдиришти.

Related posts

Кыргызстан менен Түркия тасма жана сериалдарды биргелешип тартат

admin

Ак-Сууда 6-класстын окуучусунун жансыз денеси табылды

admin

Айрым жерлерде кар жаайт — 17-январга карата аба ырайы

admin

Комментарий