Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов протоколго кол коюшту


Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 2022-жылдын 25-сентябрында «Кызыл-Бел-автожол» (КР) өткөрүү пунктунда Кыргызстан менен Тажикстандын компетенттүү органдарынын, Баткен облусунун (КР) жана Согди облусунун (РТ) башчыларынын, тараптардын чек ара ведомстволорунун жетекчилеринин жолугушуусу болгонун билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — КРнын УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант К.К.Ташиев жана ТРнын УКМКнын төрагасы С.Ятимов Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын делегацияларынын жолугушуусунун протоколуна кол коюшту.
Тараптар «Тамдык» (КР) жана «Бедак» (РТ) заставаларын, «Булак-Башы» (КР) жана «Кех» (РТ) постторун, «Катта-Туз» (КР) жана «Каракчикум» (РТ) постторун, Чайхана жерлигиндеги «Ак-Сай» (КР) постун жана Ходжай-Аъло жериндеги «Шаршара» (РТ) постун алып салууну жана чек араны коргоо бөлүктөрүнүн ар кандай түрлөрүн койбоону макулдашты.
Аталган бөлүмдөрдүн имараттары жана курулмалары консервацияланат.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын кайтаруу кыймылдуу чек ара кезметтери менен жүргүзүлөт.
Алар чек араны бойлой көрсөтүлгөн жана макулдашылган маршруттар боюнча так жүрөт.
Мындан тышкары, тараптар жаңжалдуу кырдаалдар көп болуп турган тилкелерге видеобайкоо камераларын орнотууну паритеттик негизде макулдашышты.
Белгилей кетсек, протоколдо айтылган посттор жайгашкан участоктордо калк жашабайт.
Ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары Кыргызстан жана Тажикстандын жарандары тарабынан мурда колдонулган Тамдык (КР) — Бедак (ТР), Булак-Баши (КР) жана Кех (ТР) жер участокторунда айыл-чарба иштерин жүргүзүүнү камсыз кылышы керек.
Протоколго ылайык биргелешкен жумушчу топтун чек ара аймактарынан аскерлерди жана оор аскердик техникаларды, кошумча күчтөрдү жана каражаттарды туруктуу жайгашкан жерине алып чыгып кетүү боюнча иши улантылат.
2022-жылдын 25-сентябры саат 21:30гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу деп мүнөздөлөт.

Related posts

Шакиев Өзбекстандагы кыргыз диаспорасына боз үй жөнөтүүнү убадалады

admin

Тоолуу райондордо кар жаайт. 2-ноябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

admin

Актан Арым Кубаттын «Эсимдеси» «Евразия» эл аралык сынагына катышат 

admin

Комментарий