Камчыбек Ташиев Тажикстандын кол салуусунан каза болгон жоокерлерди эскерди

Балдарыбыздын бардыгы өз үйүбүздө, өз аймагыбызда каза болду», — деди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 23-декабрда Баткендеги чек арада каза болгондорду эскерип жатып.

«Биз башка элдин аймагына, бирөөнүн үйүнө кирип барган жокпуз. Биз өзүбүздүн чегибизди коргойбуз деп кирип келген душмандарды талкалап, балдарыбыз каза болушту. Биздин бир дагы балабыз башка элдин аймагына кирип каза болгон жок, бирок бизде каза болгон душмандарды менин буйругум менен бирөөнү калтырбай алып чыгып кетишти. Биздин аймакта душмандын бир дагы өлүгү калбасын дедим. Биздин аймакта душмандардын бир топ өлүгү болду. Ушул балдардын эрдигинен улам болду. Мына ушул 49 балабыздын кылган эрдигинин негизинде, мамлекетибиздин тарыхында чоң кагылышуу болуп, биз бир дагы метр жерибизди берген жокпуз, коргоп калдык. Бул — балдардын өлүмүнүн текке кетпегени. Ата-энелер, бир туугандардын алдында ошол апаатта балдардын жанында болгон жетекчи катары башымды ийип, таазим этем»,— деди ал.

Related posts

КР УКМК: Ысык-Көл районунда баңги затын мыйзамсыз өндүрүү жана таратуу каналы аныкталды.

admin

КР УКМК: 100 миң сом өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча КР Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кармалды

admin

Бишкекте Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдогандын расмий жолугушуусу өтөт

admin

Комментарий