Камчыбек Ташиев: «Жети-сегиз бажычы колго түштү»

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жети-сегиз бажычы колго түшкөнүн айтты.

«Түнү менен бажычылар менен чабышып чыктык. Кечээ ошол жактан келдим. Жети-сегиз бажычы колго түштү. Кара-Суудагы Раим Матраимовдун терминалын мамлекетке алып койгонбуз. Ошол жерде бажычылардын уюшкан уюгун талкаладык. Таңга маал Эсеп палатасынын түндүк жагы боюнча башчысын эки инспектору менен кармадык. Буларды барып эле кармап алып жаткан жокпуз, видего тартып, алар боюнча иш жүрүп жатат. Анткени кылмышын далилдешибиз керек», — деди Ташиев.

Related posts

Раззак Бейшекеев Азия чемпионатында күмүш медаль алды

admin

Байге фонду 1 миллион сом. Бишкекте акындардын айтышы өтөт

admin

«Азыркы коомду маалыматсыз элестетүү кыйын». Садыр Жапаровдун басма сөз күнүнө карата куттуктоосу

admin

Комментарий