Камчыбек Ташиев жол кырсыгынан жабыркаган А.Жусуевдин жер тамын бүтүрүп берди

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.


тБүгүн, 2026-жылдын 6-февралында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиев Сокулук районунун Исмайыл айылынын тургуну 1982-жылы туулган 44 жаштагы Азат Жусуевдин үйүнө барды.

А.Жусуев 3 баланын атасы. 2023-жылы жаңы  салып жаткан жер тамын бүтүрүү максатында Орусия Федерациясына миграцияга  кеткен. 2024-жылы ноябрь айында жол кырсыгына кабылып, эки бутунан ажырап калган. Узак убакыт дарылануудан кийин Кыргызстанга кайтып, иштөөгө мүмкүнчүлүгү болбогондуктан жер тамын бүтүрүүгө көмөк сурап социалдык тармак аркылуу коомчулукка кайрылган.

Белгилей кетсек, Жусуевдердин үй-бүлөсүндө мындан тышкары дагы бир мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар.

Мындан улам, А.Жусуевге УКМК төрагасы К.Ташиев көмөк көрсөтүп, бир айга жетпеген убакта жер тамын бүтүрүп берди. 5 бөлмөлүү үйүндө бардык заманбап шарттар каралып, керектүү тиричилик эмеректери менен камсыздалган.

Генерал-полковник К.Ташиев А.Жусуевге жаңы тамдын ачкычын жана документин тапшырып, ага ден соолук каалап, жаңы ак өргөөсү менен куттуктады. Жаңы тамда жакшылыктар гана болсун деген тилегин билдирди.

Аны менен катар К.Ташиев Исмайыл айылынын жергиликтүү тургундары менен пикир алышып, алардын көйгөйлөрүн укту.         Жергиликтүүлөр айылда балдар үчүн спорт комплекси жок экенин айтып, жардам сурашты. Мындан улам, төрага айылга заманбап шарттуу спорт комплексин жана футбол аянчасын куруп берүүнү убадалады.

Аны менен катар генерал-полковник айылдын шарты начар жолун оңдоп түзөөдөн өткөрүп, социалдык жактан аз камсыз болгон көп балалуу дагы бир үй-бүлөгө там салынып бериле тургандыгын айтты.

Related posts

Выборы по Ленинскому округу. В ЦИК поступило заявление от кандидата Ырсалиева

admin

Сохранения экологии неотъемлемая часть философии Кумтора!

admin

В реке Нарын продолжаются поиски утонувшей 17-летней девушки

admin

Комментарий