Кантта топ кишилер мушташып, ок атылды

Кантта массалык мушташ чыгып, ок атылган. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалымат боюнча, окуя 24-сентябрда болгон. Укук коргоо органдарына кайрылган 33 жаштагы аял күндүз унаа жууган жайдын алдында белгисиз бирөөлөр жолдошуна ок атканын айтып, бир нече кишиге чара көрүүнү өтүнгөн.

Арыздын негизинде милицияга үч адам жеткирилип, пневматикалык тапанча алынган. «Бейбаштык» беренеси боюнча иш козголду.

Мушташ видеокөзөмөлгө тартылып калган.

Related posts

Бишкекте шаурмага уулангандардын саны 71 адамга жетти

admin

Түркиядагы жер титирөөдөн кеминде 53 адам набыт болду 

admin

КР УКМК: Чүй облусунун Сокулук районундагы 400 гектар жерди мамлекеттик баланска кайтаруу жөнүндө

admin

Комментарий