Каныбек Иманалиев жазуучулар союзунун төрагасы болуп шайланды

Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы шайланды. Бул тууралуу аталган союздан билдиришти.

«Башкармалыктын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкерлер Каныбек Иманалиев менен Кожогелди Кулуевге 2-турда кайрадан добуш берилип, жыйынтыгында 70 добуш менен Каныбек Иманалиев төрага болуп шайланды. Эми алдыда жазуучулар союзунун президиуму шайланат»,— деп айтылат маалыматта.

Каныбек Иманалиев буга чейин билим берүү жана илим министри болгон. Ал ушул жылдын сентябрь айында тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн кызматтан бошотулган.

Related posts

УКМКнын кызматкери ок атуу боюнча мелдеште байгелүү орунга ээ болду

admin

Өлкөдө 167 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алат 

admin

23-январга карата өлкөдөгү аба ырайы 

admin

Комментарий