Кар жаайт. 1- декабрга карата өлкөдөгү аба ырайы 

1- декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарында кар жаайт, Чүй, Жалал-Абад жаан нөшөрлөп жаайт.

Күндүз Жалал-Абад, Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында кар жаайт, Талас, Баткенде жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз -3…+2;

Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…-5;

Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +3…+8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…-5;

Нарын облустарында түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1;

Бишкекте 1-декабрда кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз -1…+1 градус болот.

Related posts

Бишкек шаарынын аянты кеңейтилсе, жаңы райондор түзүлбөйт

admin

Акылбек Жапаров Ноокаттагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюунун жүрүшү менен таанышты

admin

Президент Садыр Жапаров Душанбеге иш сапар менен барат

admin

Комментарий