Кар жаашы мүмкүн. 9-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

9-февралда түнкүсүн Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+6,

Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8,

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…+3,

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +4…+6 градус болот.

Related posts

Парламенттен кечирим сураган Эдил Байсаловго депутаттар бир топ сын айтты

admin

Автобус албайт белеңиз? Бишкек мэриясы аукцион өткөрөт

admin

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 7,7 миңден ашты 

admin

Комментарий