Кыргыз-тажик чек арасынын 13,98 чакырымы макулдашылды

Жетишилген макулдашууга ылайык, 12-октябрдан 18-октябрга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында болуп өттү.

Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 13,98 чакырымы боюнча макулдашты. Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактар боюнча тиешелүү ишти улантат. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Related posts

“Кумтөр” былтыр 17 тонна 284 кг алтын сатты

admin

Президенттин администрациясынын штаттык саны кыскарды 

admin

Бишкекте жол кырсыгынан улам унаа көпүрөдөн түшүп кетти 

admin

Комментарий