Кара-Суу районунда пара алып жаткан айыл башчысынын орун басары кармалды  

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл башчысынын орун басары пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 11-январында талап кылынган акча каражатынын 86 миң сом өлчөмүндөгү бир бөлүгүн алуу учурунда Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын башчысынын орун басары, 1988-жылы туулган М.Б.С. кармалды.

Ал жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү боюнча мурда чыгарылган токтомун жокко чыгарам деп коркутуп, жергиликтүү тургундан 4 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылган.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.

Related posts

«Чыныгы жүзүн билип алгыла!” Акыйкатчы институтунун жамааты Атыр Абдрахматова боюнча кайрылуу жасады 

admin

Бүгүн активисттер Атай Бейшенбек менен Акыл Айтбаевдин бөгөт чарасы каралат

admin

КР УКМК: Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнүнө арналган КР УКМК Төрагасынын кубогу үчүн спорттук мелдеш жыйынтыкталды

admin

Комментарий