Караколдогу төрөт үйүндө 23 жаштагы келин каза болду

Каракол шаарындагы төрөт үйүндө 23 жаштагы келин каза болду. Маалыматты «Азаттыкка» Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо координатору Жаңыл Акунова тастыктап, келин төрөт үйүнө 9-сентябрда оор абалда келгенин билдирди.

“Ак-Суу районундагы Токтогул айылынын тургуну 23 жаштагы келин төрөт үйүнө оор абалда келген. Өпкөсүндө шишик болгондуктан, дем алуусу аябай начарлап кеткен. 36 жумалык боюнда болгон. Келинге кесарево жасалып, андан кийин аппаратка жаткырылган. Бир күн аппаратта жатып, келин каза болду. Баласы аман-эсен. Абалынын оор экенине карабай, туугандары үч күн дарыгерлерге кайрылган эмес”, — деди Акунова.

Бул маалыматты келиндин жолдошу да тастыктап, укук коргоо органдарына арыз жазбаганын билдирди.

Быйыл август айында Ысык-Көл облустук төрөт үйүндө жаңы көз жарган келини жана анын ымыркайы оор абалда жатканын жакындары социалдык түйүндөр аркылуу айтып чыгышкан. 15-августта алар президентке видео кайрылуу жолдоп, “дарыгерлер карабай койгон” деп билдиришкен жана жардам сурашкан.

Кийин окуяга байланыштуу кызматтык иликтөө жүрүп, төрөткананын жетекчилигине директордун орун басарын тартип жазасына тартуу жана акушер-гинекологдун, кош бойлуулардын патологиясы бөлүмүнүн башчысынын жана окуяга тиешеси бар башка да медицина кызматкерлеринин ээлеген жумуш орду боюнча маселени карап чыгуу сунушу берилген.

Ушул эле облустук төрөт үйүндө быйыл январь айында эки аптада алты ымыркай инфекциядан чарчап калган. Буга эң жөнөкөй санитардык талаптар жана гигиена эрежелери сакталбаганы себеп экени расмий аныкталып, алты жетекчи иштен алынган эле. 

Related posts

12-13-октябрь күндөрү Бишкектеги студенттер да онлайн окушат

admin

360тан ашуун уюлдук телефон, ноутбук жана планшет… Чөнтөк уурулар менен «иштешкен» шектүүлөр кармалды

admin

Бүгүн 1-класска электрондук каттоо башталды 

admin

Комментарий