Стамбулдагы жардырууну жасоого шектелген жаран кармалды 

Түркиянын Стамбул шаарынын Истиклал көчөсүндө теракт жасоого шектелген адам кармалганын мамлекеттик Anadolu маалымат агенттигинен билдиришти. 

Ички иштер министри Сулейман Сойлужарылууга себеп болгон бомбаны таштап кеткен киши полиция тарабынан камакка алынганын айтты. Түркиянын вице-президенти Фуат Октайбул окуя террордук акт катары караларын билдирди. «Биз муну теракт деп эсептейбиз. Кол салган адам аял киши болушу мүмкүн», — деди ал.

Түркиянын саламаттыкты сактоо министриФахреттин Кожа жардыруудан жабыркаган 81 адамдын 42си ооруканада экенин билдирди. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча 6 адам каза болгон.

Related posts

Эмгек сиңирген артист Малик Аликеев көз жумду 

admin

Бишкекте кыздар соцтармак аркылуу балдар менен таанышып, аларды каракчыларга салып берип турушкан

admin

Дубайда климаттын өзгөрүшү боюнча Бүткүл дүйнөлүк саммит өтүүдө. Иш-чарага Садыр Жапаров катышууда

admin

Комментарий